Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө “Встреча у Дастана” кафесинде өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.
Орт кесепетинен жыгач устундуу темир жабылган аянты 336 чарчы метр кафенин чатыры жана пластик шыбы, 8 даана пластик эшик, 10 даана пластик терезе, 3 даана диван, 5 даана кресло, 5 даана килем, 10 даана төшөк, 4 даана стол, 4 даана стул күйгөн, 1 газ баллон жарылды.
«Себеби такталууда. Өрттүн натыжасында: кафенин ашпосчусу 1970 жылы туулган Т.У. аялдын күйүп калган жансыз денеси табылган, Кара-Суу районунун, Нурдар айылынын тургуну. Экинчи ашпосчусу түтүнгө ууланыпкалган, оор абалда тез жардам кызматкерлери Ош облусунун ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкен. Аты-жөнү такталууда», – делет билдирүүдө.