БШКга президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нусрет Мамедов жана Адахан Мадумаровду көрсөткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чечими келип түштү.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 13-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
— 21 жарандан Кыргыз Республикасынын пПрезиденти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов).
— 4 жаран Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев — «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаровд — “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы).