Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери Мустафа Ахунбаев дүйнөдөн кайтты

Автор -
543

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, опера ырчысы, режиссёр, профессор Ахунбаев Мустафа Исаевич 2017-жылдын 17-июлунда 83 жаш курагында узака созулган оорудан кийин дүйнɵдɵн кайтты.

Ахунбаев Мустафа Исаевич 12.03.1935-жылы туулган, 1961-жылы Москвадагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын ырдоо классын бүтүргөн. 1961-69-жылдары Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында эмгектенген.

1969-жылы Ленинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы мамлекеттик Консерваториянын опера режиссёру классын бүтүргөн.

М. Ахунбаев окуп жүргөндө эле С.Киров атындагы опера жана балет театрында режиссёр-ассистент катары «Садко» операсын коюуга, «Ленфильмде» экинчи режиссёр жана актёр катары А. Бородиндин «Князь Игорь» көркөм фильмин тартууга катышкан.

1969-70-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюучу-режиссёр, 1970-71-жылы «Кыргызтелефильмде», 1971-75-жылы СССРдин ГАБТта жана Кремлдеги съезддер дворецинде режиссёр болуп эмгектенген. ГАБТтын башкы режиссёру, Б. А. Покровский менен экинчи режиссёр катары «Руслан менен Людмила» операсын койгон.

1975-2002-жылга чейин Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында. 25 опера, улуттук маанидеги фестивалдарды,концерттик программаларды койгон. 1984-93-жылдары театрда иштөө менен бирге Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда профессор (1988) болуп эмгектенет.

Театр коллективи менен чет өлкөлөргɵ гастролдорго чыгып, «Өлбөстүк», «Саманчынын жолу», «Тынч Дон», «Петр I» аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл Союздук конкурстарда биринчи даражадагы диплом, медалдар менен сыйланган.

Мустафа агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз элине, маданият жана искусство үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Эмгеги жана адамгерчилик сапаттары менен бир канча муундун өкүлдөрүнө үлгү болгон ишмер жетекчи, тажрыйбалуу устат Мустафа агабыздын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Ч.А.Султанбекова, Т.Т.Казаков, Б.С.Осмонов, М.А.Бегалиев, К.Сартбаева, Т.Сейталиев,А.Токомбаева, С.Токтакунова, Б.Шамшиев, Т.А.Чокиев,  Б.А.Малдыбаев, М.Сыдыкбаев, Р.Н.Чокоева,К.Орузбаев, М.Шарафидинов, С.Чоткараева, Ж.Каниметов, Э.Асанкулова, Т.Жакшылыков.

Маркумга аза күтүү күнү 2017-жылы 19-июлда Кыргыз улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрда саат 10.00 ɵтɵт.

Бөлүшүү