Бишкекте «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму ачылат

Автор -
410

20-июлда Бишкек шаарында Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен уюштурулган «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму ачылат, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Эл аралык форум 21-23-июлда өз ишин Чолпон-Ата шаарында улантат.

Форумда Евразиянын кеңири аймагында жашаган Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый жана маданий  айланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.

Форумдун ишине 100дөн ашуун чет элдик жана кыргызстандык алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр катышат.

Эл аралык форумдун алкагында 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунда «Алтай көчү» экспозициясынын расмий ачылышы күтүлүүдө. Борбордо  30 боз үй тигилип,  Алтай тектүү элдеринин (кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур.ж.б.)   турмуш-тиричилигин, улуттук көчмөн салттарын чагылдырган жандуу музей жайгаштырылмакчы. Экспозиция  каалоочулар үчүн 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.

Чолпон-Ата шаарында форумдун иши секцияларда өтөт. Окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн акыркы жыйынтыктарын  кеңири талкууга коет. Ошондой эле «Алтай цивилизациясы: өткөнү, азыркысы, келечеги» тегерек стол өткөрүлөт.