Муфтият: Быйыл 33 млн сом битир-садака чогулуп, муктаждарга таратылууда

Автор -
498
Сүрөт: open.kg

2017-жылдын улуу Рамазан айында республика боюнча 33 млн 668 миң  886 сом битир-садака чогултулду. Учурда бул чогулган акча каражаты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы бардык казыяттар, райондук хатибияттар жана мечиттер арыз кайрылуулардын негизинде  мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калгандарга, жетим-жесирлерге таратылып беришүүдө.

Быйыл топтолгон битир-садакадан Муфтият жана облустук казыяттар биригип, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 2 млн 800 миң сомдук жардам көрсөтсө, КМДБ ошол эле Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 395 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, жалпысынан 3 млн 200 миң сомдук жардам берилген. Муну менен катар Муфтият быйыл кабыл алынган арыздардын негизинде комиссиянын чечими менен 3 категорияга бөлүп, 1 млн 900 миң сомду муктаждарга таратып берди.Булардын арасында оор операцияга дуушар болгондор жана бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ алган мекендештерибиз дагы бар.

Топтолгон каражаттардын:

50% жергиликтүү мечиттерде калтырылат;

15% облустук казыятарга которулат;

15% хатибиятарга котогрулат;

20% Муфтиятка которулат.

Бөлүшүү