Ала-Бука районунун Ажек айылындагы 55 турак жай сел коркунучунан корголду

Автор -
979

КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы Эшме-Сай сел сайынын эң кооптуу участкасын механикалык жол менен сүрүп бекемдөө жумуштары жүргүзүлүүдө.

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы 55 турак жайга жана автоунаа жолдоруна сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралып жаткан узундугу 2000 метр сел сайдын нугун түздөп сүрүп, жээктерин бекемдөө жумуштары үчүн КР ӨКМги тарабынан 1 даана бульдозер техникасы (күйүүчү майы менен) бөлүнүп берилип, жергиликтүү айыл аймак тарабынан 1 бирдик эксковатор, 1 бирдик булдозер техникалары жумушка тартылып, өзгөчө кырдаалдарүчүн каралган бюджеттин эсебинен 25 000 сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күнгө Эшме-Сай сел сайдын жээктерин сүрүп бекемдөө жумуштары аткарылып жатат.

КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Ажек айылындагы 55 турак жай жана ички чарбалык автоунаа жолдору корголот.