МУКК: Террористик уюм мүчөлөрү соттолду

Автор -
580

Баткен областтык сотунун коллегиясы, буга чейин КР МУКК тарабынан кармалган эл аралык террористтик уюм мүчөлөрү М.Т.Т., С.К.М. жана Р.А.М. карата чечим чыгарды, деп билдирет Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы.

Алар күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жолу менен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыкты.

КР МУКК органдары өткөзгөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында Кыргызстандын аймагында ЭТУ террористтик тобунун ишмердүүлүгү алдын алынган. Бул топтун катарына Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргызстанда террордук актыларды уюштуруу максатында кайтып келген КР жарандары М.Т.Т., С.К.М. жана Р.А.М. кирген.

Кармалган ЭТУ мүчөлөрү жашаган жерлерде жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн далилдери: “Калашников” автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дарылар, террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган.

Бөлүшүү