Өлкөдө оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салуу сунушталды

Автор -
496

Мыйзамга киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду. Эгер жарандар бул норманы жактырса, документ парламенттин талкуусуна жөнөтүлөт.

Мыйзам долбооруна ылайык, рулу оң жагында жайгашкан унаа менен жүргүнчү ташуу үчүн айып пул төлөө жазасы жаңы жылдан тарта киргизилиши мүмкүн. Бийликтегилер көпчүлүк кырсыктарга унаа рулунун оң жакта жайгашкандыгы себеп болуп жатканын билдирип келишет.

Оң рулдуу унааларды коммерциялык максаттарда пайдаланууга тыюу салуу демилгеси Кыргызстанда алгачкы жолу көтөрүлгөн жок. 2013-жылы тиешелүү мыйзам долбоору кабыл алынып, бирок кийинчерээк аны кароо 2020-жылга калтырылган.

Кыргызстандагы таксилердин көбүнүн рулдары оң жагында жайгашкан. Негизинен алар Жапонияда пайдаланылган машинелер. Алардын башкы артыкчылыгы баасынын төмөндүгүндө.

Бөлүшүү