2017-жылдын 19-декабрында саат 05:27де Бишкек шаарынын Ленин районундагы Библиотечная көчөсүндө жайгашкан турак үйкүйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, чыккан өрт саат 08:21де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болгон, аты жөнү такталууда.