Кара-Суу дарыясынын жээгинде аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Кечээ саат 12:10до КР ӨКМнин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу Акыя көчөсүндөгү № жок даректе, Кара-Суу дарыясынан болжол менен 70 жаш чамасындагы аялдын жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.