Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
ЖККУнун башкы катчысы президентине Уюмдун 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЖККУнун ишмердигинин негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
“Менин алгачкы жумушчу сапарым Москва шаарына, андан кийин ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин мааракелик сессиясы өткөн Минск шаарына болду. Мен Уюмга мүчө мамлекеттердин бардык башчылары менен жолугушуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычта болдум. Бул сапар абдан пайдалуу болду”, — деп белгиледи Жээнбеков.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы аймактагы коопсуздуктун кепилдиги катары ЖККУнун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет, Уюмдун алкагында ар тараптуу өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн тастыктайт.
“Сиз шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеттиңиз, шайлоо тынч өттү, бул Сизге мамлекетти өнүктүрүүнүн саясатын ишенимдүү жүргүзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет”, — деп белгиледи Юрий Хачатуров.
Ал ошондой эле Кыргыз Республикасына Уюмдун ишмердигине дайым көңүл бөлүп, анын позицияларын бекемдөөгө кылган аракети үчүн ыраазычылык билдирди.