Кызыл-Кыя шаарында шахтер газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
20-декабры күнү саат 20:42де КР ӨКМнин №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун 6 куткаруучусу №15 карьердин 80 метр тереңдигинде 1979-жылы туулган С.А. көмүр казып жатып, газга ууланып каза болгон жерге барышкан.
Куткаруучулар адамдын жансыз денесин шахтадан чыгарышып, Кызыл-Кыя шааардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.