Ысык-Ата районунда турак үйдөн өрт чыгып, батирде адамдын жансыз денеси табылды

Автор -
314

2017-жылдын 22-декабрында 07:45те Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кировка айылында турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:45те Ысык-Ата райондук №27 аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Чыккан өрт 07:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн натыйжасында бир адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун өзүгү такталууда.