Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунда кар көчкү түшкөн

Автор -
778

2017-жылдын 26-декабры күнү чакырымдарында саат 03.00 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 73-75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Тазалоо иштерине №27 жол тейлөө ишканасынан 1 даана жүктөгүч, 1 даана бульдозер тартылып саат 06:30да кар көчкүнү тазаланып жол каттамы ачылган. Жабыркагандар жок.

Бөлүшүү