Сапар Исаков экономика министри менен бажы кызматынын төрагасына сөгүш жарыялады

Автор -
267

«Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Буйрукка ылайык, сөгүш экономика министри Артем Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

Ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, өкмөт аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.

Бөлүшүү