«Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов жалпыга маалымат каражаттарына кайрылып, аны саясий оюндарга кийлигиштирбөөсүн суранды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
«Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары. Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар. Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо «Де-Факто» гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. «Де-Факто» гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм», – делет билидрүүдө.
Эске салсак, «Де-Факто» Өмүрбек Бабанов жакында Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов менен жолукту деген маалыматты жарыялаган.