Премьер-министр Сапар Исаков Кытайдын CCTV борбордук телеканалына интервью берди

Автор -
322

Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Китайдын CCTV борбордук телеканалына интервью берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы кытай-кыргыз өз ара аракеттешүүсү, Кытай – Өзбекстан – Кыргызстан темир жолунун курулушу боюнча, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси алкагындагы «Бир алкак — бир жол» кызматташуусу боюнча суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары, премьер-министр Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) катышуу алкагында аймактагы экономиканы өнүктүрүү жана коопсуздук маселелери боюнча өз пикирин билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү