Жээнбеков Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Автор -
244

Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызаты билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандактары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм», – деп мМамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында айтылган.