Бишкекте лифт оңдогон эки кадам кулап кетип, бирөө мерттенди

Автор -

Бишкектин Айтматов проспекти менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам шахтага кулап кетип, бирөө каза болду. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты.

Мекеме маалыматына флайык, бул факты боюнча комиссия түзүлүп, адистер окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча лифт оңдогон кызматкерлер техникалык эрежелерди бузган деп болжолдонууда.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынан кабарлашкандай, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди.