Боршайком: аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин жана курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт

Автор -
305

2018-жылдын 14-февралында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партияларынын өкүлдөрүнөн аймактык шайлоо комиссиясына каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган боюнча чүчүкулак өткөрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.

«Аймактык шайлоо комиссиясы тийиштүү комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Эгерде саясий партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиялардын өкүлдөрү, саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясий партиялардын резервин түзөт», – делет билдирүүдө.