Казакстанда суукта калган жолоочу кыргызстандыктар куткарылды

Автор -
243

Казакстанда автобус бузулуп, түнү жолдо калган жети кыргызстандык куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 14-февралга караган түнү Самара-Шымкент жолунун 1101-чакырымында Бишкектен Самарага бараткан кичиавтобус бузулуп калганы тууралуу аталган мекемеге кабар түшкөн. Транспортто сегиз адам болгон, алардын жетөө Кыргызстандын, бирөө Өзбекстандын жараны.

Түнкү саат 03:20 чамасында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети «Калыбай» пунктунун куткаруучулары жүргүнчүлөргө жетип, ошол жерден алып кеткен. Алар жылуу жайга жеткирилип, үчөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү