2018-жылдын 13-февралында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Көпүрө жергесинде чек арачылар мамлекеттик чек аранын режимин бузгандыгы үчүн Молдованын эки жаранын кармашкан. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
Чек арадан 50 метр аралыкта чек ара кезмети 1976-жылы туулагн Ю.П., жана 1969-жылы туулга А.Ш., атту жарандар кармалды.
“Кармалгандардын айтуусунда алар Өзбекистан аймагына кирүү жолун издеп жүрүшкөн. Молдованын жарандары Кыргызстанга Тажикистандан 2017-жылдын апрелинде келишкен. Сурамжылоо маалында молдовандыктардын КРнын аймагында каттоо мөөнөтү 2018-жылдын январь айында бүткөндүктөн, учурда алар Кыргызстанда мыйзамсыз жүрүшкөндүгу белгилүү болду”, – делет билдирүүдө..
Тиешелүү документтер толтурулган соң чет өлкөнү жарандары УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.