Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитети жана Британдык геокызматы кызматташуу келишимине кол коюшту

Автор -
254

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (ӨЭЖМК) жана Британдык геология кызматы (БГК) геология тармагында техникалык кызматташуу боюнча өз ара келишимине кол коюшту. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

2018 жылдын 13-февралындагы өткөн иш-чарага ӨЭЖМКнын төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев жана БГКнын илим боюнча директору Мартин Смит катышты.

Келишимдин максаты — техникалык маалыматтар менен алмашуу, геология илиминде тажрыйба топтоо, тараптардын ортосунда жакшы мамиле түзүү.

Бөлүшүү