Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура органдарынын алдына коюлган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Президент Жолдубаевага прокуратура органдары жана укук коргоо же өлкөнүн башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр фактыларын жокко чыгаруу боюнча чара көрүү милдетин тапшырды.

«Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук кандуу иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Муну менен бирге укук коргоо жана башка органдардын мамлекеттик органдардагы коррупцияны алдын алуу боюнча көзөмөлдөө ишинин жетишсиздиги белгиленди. Ошондой эле кызматтык кылмыш фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо тармагындагы кылмыштар жана коррупция боюнча кылмыш иштерин иликтөөлөрдү мыйзамсыз токтотуу же кыскартуу маселеси да талкууланды.

Президент бул багытта бардык кылмыш иштерин инвентаризациядан өткөрүү жана тиешелүү кызмат адамдарынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү тапшырмасын берди.

Бөлүшүү