Тогуз-Тородо мал издеп, дайынысыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды

Автор -
201

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагынын, Бирдик айылынын 3 тургуну (1983-жылы туулган Чоялиев К., 1976-жылы туулган Чоялиев С., 1989-жылы туулган Өмүралиев С.) Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгып кетишкен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Алардын арасынан К.Чоялиев12-февраль күнү кечинде Бирдик айылына келип, С. Чоялиев жана С. Өмүралиевдин адашып жоголгондугу тууралу кабар берген.

Издөө иштерине жалпы жергиликтүү тургундардан 32 адам жана КР ӨКМнин №46 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. 15-февралда саат 08:25те жоголгон 2 жарандын жансыз денелери кардын астынан табылды.