Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов: Акаев Кытайга Үзөңгү-Кууштагы 130 миң гектар жерди берип салды

Автор -
326

Кыргызстандын эгемендүүлүгү кабыл алынып жатканда, ал кездеги парламенттин трибунасынан чек арадагы көйгөйлөргө байланыштуу өзүнүн пикирин ачык билдирген легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов менен «Чагылган» маалымат агенттигинин кабарчысы маек курган экен.

1993-жылы кабыл алынган Конституция орус тилинде болгондуктан керектүү беренелерге шилтеме расмий тилде берилди.Баш мыйзамдын 4-беренесинин 2-пунктунда «В Кыргызской Республике земля, ее недра, воды, воздушное пространсва, леса, растительный и животный мир, все природные богатсва являются собственностью государства» жана ушул эле берененин 3-пунктунда «В случаях и размерах, установленных законом Кыргызской Республика, земельные участки могут передаваться в пользование гражданам и их обьединениям. Не допускается купля-продажа земли», – деп жазылганын ачык айткан Бегиш мырза маектин жүрүшүндө буларды баяндап берди:

—Бегиш мырза, өлкөбүз эгемендүү болгонуна чейрек кылымдан ашты. Бизге коңшу өлкөлөр өнүгүп жатат. Кыргызстан өнүкмөк тургай көз карандысыз мамлекет катары эмдигиче коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара маселесин толугу менен чече албай жатат. Сиз чечилбеген бул көйгөй тууралуу жакшы билсеңиз керек?

—Бул көйгөй СССР доорунда эле жаралгандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Кыргызстан 1936-жылдан баштап союздук республикалардын катарына кирген. Биздин республика ага чейин автономдуу област катары Россиянын курамында болгон. СССР түптөлгөндө ар бир республиканын территориалдык чектери өздөрүнө бекитилип берилген. Эми бул маселе качан башталганына токтолсок. Салыштыруу иретинде айтсам, коңшу туугандын эң начары өзүнүн тууганынын огородун байкайт турбайбы. Андай учурда «Тигинин койлору көбөйүп, семирип калыптыр», -деп көз арта баштайт экен. Мындай көрүнүш акыры жүрүп туугандарды касташканга алып келет. Эмесе өзбек туугандар ошол союздук республикалардын бири катары өздөрүнө бөлүнгөн жердин байлыктарына ыраазы болуп жашашы керек. 1954-жылы Никита Хрущев Россиянын Крымдагы аймагын өзү билип эле Украинага өткөрүп берип койгон. Бир колхоздун жерин экинчи колхозго бергендей эле. Россия 1936-жылкы Конституция боюнча өз алдынча суверендүү чоң мамлекет болгон. Ал кезде бул республика союздун курамына өз каалоосу менен кошулган болчу. А бирок Хрущев Крымга байланышкан маселени Россиянын элинен эч сурабастан эле өзү чечип койгон. Ошентип, аталган аймак Украинага тиешелүү болуп калган. Андан кийин Хрущевдин учурунда дал ушундай жагымсыз окуя Ташкент менен Чимкент облустарынын ортосунда болгон. Өзбек туугандар бирөөнү мактаганды жакшы билет эмеспи. Хрущев Өзбекстанга барганда алар палоо менен көк чайын берип жакшылап сыйлап туруп Ташкенттин тегерегиндеги Казакстанга тиешелүү үч районду сурашыптыр. Хрущев болсо алардын өтүнүчүн аткарып, картаны каалагандай сызып туруп үч районду Өзбекстанга өткөрүп берген экен.

—Кыргызстанда жайгашкан «Кемпир-Абад» суу сактагычы дагы сиз айткан Хрущевдин колдоосу менен Өзбекстанга өткөн деген турасызбы?

—Туура баамдадың. Өзбектер андан кийин Кыргызстандын чоң суу сактагыч кура турган жерин көрүп «ушуну биз алсак» деп биздин жерге да көз арта баштайт. Кыргызстандын территориясындагы Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунан аккан суулардан топтолуп отуруп республикадагы төртүнчү чоң суубуз кара дарыя пайда болгон. Эми ошол кара дарыянын жанындагы «Кемпир-Абад» деген жерди алмай болушат. Өзгөн районунун аймагындагы бул жерде Кыргызстанга тиешелүү суу сактагыч курулмак. Хрущев болсо миңдеген гектар жерди Кыргызстандын ошол учурда жогорку кызматтарда турган жетекчилери Т.Усубалиев менен А.Сүйүнбаевге айтып Өзбекстанга бердиртип жиберет. Ошондо жер Кыргызстандыкы, ал эми суунун бети Өзбекстандыкы деген шарт менен берилиптир. Эми дүйнөдө мындай келишим дегеле жок экен. Ал суу сактагычта 2,5 миллиард куб суу сакталат. Бул бир маселе. Экинчиси, ошол бийик суу сактагычтан түшкөн суу электр энергиясын берет. Эми биз дүйнөлүк экономикалык мамилеге өттүк.  Кыргызстанда бир убакта газ болбой калган. Биз газды Өзбекстандан алчубуз. Каримов бизге дүйнөлүк баа менен алгыла деген. Анан айла жок ал айткан баа менен алып жатсак газ бергенди токтотуп салган. Эми биздин суудан чыккан электр энергиясын Өзбекстан дүйнөлүк баа менен алышы керек. Эмесе 1000 киловатт электр энергиясы төмөнкү баа менен эсептегенде $200 болот экен. Ал жерде 2,5 миллиард куб суудан чыккан бери жагы эле $200-250 млн электр энергиясын бекер берилип жатпайбы. Ал аз келгенсип «Суу сактагычтын бети Өзбекстандыкы» деп шылтоолоп биздин өлкөнүн территориясына өзүнүн аскерин киргизип салган. Учурда алар Кыргызстандын жеринде курулган суу сактагычтын үстүндө өздөрүнүн кайыгына отуруп алып, көк чай ичип көңүл ачып жүрүшөт. Бийликтегилер болсо «Чек аранын 85%ын чечип жибердик» деп айтып жатышат. Эмнени чечти? Кимден сурады? Же парламент текшерип көрдүбү? Азыркы кезде деле Чек ара маселеси толук чечиле элек. Суу сактагыч дагы эле Өзбекстандын карамагында болуп жатат. Анын суу сактагычы да, электр станциясы дагы Өзбекстандыкы.

—Сөзүңүзгө аралжы. Сиз жогоруда Өзбекстандын Хрущевдин көңүлүн алып казак туугандарга тиешелүү аймактарга ээлик кылып алгандыгын айтпадыңызбы. Казакстан акыры өзүнүн аймактарын кандай жол менен кайра кайтарып алган экен?

—Брежнев бир убакта Казакстан компартиясынын экинчи секретары болуп иштеген экен. Бул киши кийин Москвага Хрущевдин ордуна башкы секретарь болуп кызматка барат. Казакстан компартиясынын ошол кездеги биринчи секретары Д. Кунаев ошондо Брежневге барып: «Өзүңүз жакшы билесиз. Хрущев бир учурда өзүнүн колхозуна өткөргөнсүп Казакстанга тиешелүү үч районду Өзбекстанга берип койгон эле. Казакстанга кайра кайтарып бериңиз» деп өзүнүн өтүнүчүн билдирип, акыры патриот адам катары үч районду Казакстанга кайтарып алган экен.

Путин дагы өз элинин чыныгы патриот адамы болгондуктан Крымды кайрадан Россиянын карамагына өткөрүп алды. Эч кимден корккон жок. Өзбекстан болсо бир учурда бирөөнүн жерине көз артканынын кесепетинен улам Казакстанга тиешелүү аймактарды кайра кайтарып берди. Бирөөнүн жери менен эмне иши бар? Өзүнүн территориясында тирилигин кылбайбы? Жанындагы коңшу туугандардын өсүп-өнүп жатканына сүйүнүшү керек! Эмне үчүн бирөөнүн жерине, суусуна көз артышы керек?! Өз өлкөсүнүн патриот жетекчилери Кунаев жана Путин өзүнүн жерлерин кайра кайтарып кайра алышты. А биздин совет мезгилиндеги мамлекет башчыларыбыз болсо Хрущевди да, андан кийинки жетекчилерди да жакшы деп отуруп, акыры совет доору өтүп, эгемендүү мамлекеттердин заманы келди.

—Кыргызстандын эгемендүүлүгү кабыл алынып жатканда ал кездеги легендарлуу парламенттин депутаты катары сиз кайсы маселе тууралуу ачык пикириңизди билдирдиңиз эле?

—1990-жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгү кабылып алынып жатканда мен трибунага чыгып «Кыргызстан өзүнүн армиясын түзүп чек арадагы көйгөйлүү жерлерди аскерлерге кайтартышы керек!-деп ачык айткам. «Аматовго армия керек», – деп ошондо баардыгы күлүшкөн эле. Ал эми Каримов болсо акырындык менен өзүнүн аскерин алып келип «Кемпир-Абадды» десантник аскерлерине кайтартып койду. Ош менен Жалал-Абаддагы чек араларын жапты. Илгери Оштон Жалал-Абадга чейин 58 чакырым жол жүрчүбүз. Азыр болсо эл 100 чакырым жол жүрөт. Кыргызстандын жетекчилеринин жер көздүгүнөн ушинтип өзүнүн жерине кожоюн боло албай калды. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон 27 жылдан бери «Бул жер биздики эле», – деп бир дагы мамлекет башчыбыз айта албай коюшту. Анын ордуна Акаев болсо Кытайга Үзөңгү-Кууштагы 130 миң гектар жер менен республикабыздагы бешинчи чоң дарыяны берип салды. Мамлекетке жасаган мындай кыянатчылыгы менен ал киши 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны бузду. Кыргызстан  1991-жылы эгемендүү болгондо Кытай Эл Республикасы биринчилерден болуп территориалдык бүтүндүгүбүздү эске алуу менен бирге, эркин мамлекет катары тааныган. Анан биздин жерге байланышкан көйгөй каяктан чыга калды? Көрсө, 1994-жылы Акаев Кытайга барып белек катары тартуулап жиберген экен.

—Акаев го кылгылыкты акыры кылган экен. Үзөңгү-Куушту Кытайга бербеш үчүн андан кийин патриот адамдар тарабынан кандай чара көрүлдү?

—Үзөнгү-Кууш боюнча биз коомдук комитет түздүк. А мен ошол комитеттин төрагасы болдум. «Биз бул жерди бербейбиз», – деп эки жыл каршы болдук. Үзөңгү-Кууш үчүн мени менен чогуу жүрүп Ш.Назаркулов ачкачылык жарыялап каза болду. Ал кезде мен ден соолугума байланыштуу ачкачылык кармаган эмесмин. Бирок ачкачылык жарыялаган алты кишиге  күнүгө суу алып берчүмүн. Бир күнү түнкү саат 3тө Турсунбек Акун: «Шералы досуңдан ажырап калдың», – деп телефон чалды. Эртең менен барып «Муну саткындар өлтүрдү!» – деп некролог окуп бердим. Дүйнөдө ким президент болсо өзүнүн мамлекетинин жерин сактаса, а биздин президенттер болсо жерди, сууну сата баштайт экен. Камбар-Атанын тегерегине Өзбекстандын аскери коюлса эми эмне болот? «Биз менчик суубузду коргоп жатабыз», – деп алар эртең эле айтып чыгышат да. Куду Өзгөндөгүдөй кылып менчик ГЭСибизди жана суу сактагычыбызды коргойбуз деп, бир жагы Тогуз-Торого, экинчи жагы Жумгалга чейин Өзбекстандын аскери кирет. Ал жактан Өзбекстанга «Кемпир-Абаддан» дагы көбүрөөк суммадагы Камбар-Ата ГЭСи аркылуу жылына $2 млрд электр энергиясы бекер кеткени жатпайбы. Муну биздикилер эсептеп жатышабы?! Жок! Демек, мындай ишти өз элине жакшы турмушту каалабагандар жасап жатышат деп айтаар элем. Кыргызстан мурдагы постсоветтик республикалардын арасынан гидро энергетикалык запасы жагынан үчүнчү орунда турат. Биринчи орунда Россия. Экинчи орунда турган Таджикстан болсо 650 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрсө, ал эми Кыргызстан 140 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. А биз өндүрүлгөн электр энергиясынын Токтогул ГЭСин каскаддары менен кошкондо 10% гана пайдаланып жатабыз. Анан калган 90% биздин атка минерлер эң чоң байлыгыбыз сууну да төгүп-чачып коңшу мамлекеттердин пайдасына жана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатышат. Болбосо В.И. Лениндин: “Коммунизм это есть. Советская власть плюс электрификация всей страны”-деген чакырыгын Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн иштетпей коңшу мамлекеттерге коммунизм куруп берип жатабыз. Ушул өлкө башкаруубу?  ГЭС кура турган акчабыз жокпу? Бар. Акча көп. “Кумтөрдүн” үчтөн бири алына элек. Ал деген 250 тонна. “Жерүйдө” 80 тоннадан ашык алтыныбыз бар. “Талды-Булакта” бери жагы эле 50 тонна алтынды чет өлкөлөргө бербей Казарманда иштеген адистер менен бул алтындарды Кыргызстан өзү өндүрүп алышы керек жана ошонун эсебинен Камбар-Ата ГЭСинен тышкары дагы башка ГЭСтерибиз толугу менен Кыргызстандын элинин  менчиги болушу керек.Дүйнөдө нефть, газ, көмүр жагуудан баш тартышып машиналар да, ЖЭБде жана үй тиричилигиндеги баардык техникалар электрди пайдаланышат. Ошентип, электр энергиясы көп Кыргызстан коммунизмде жашоонун ордуна биздин атка минерлердин кесепетинен дүйнөдөгү эң жарды мамлекеттин бири болуп отурабыз.

Маектешкен: Нурсултан Шайдинов.

(уландысы бар)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү