15-февралында Ала-Арча коругундагы “Эркин Корея” чокусунан “Ак-Тоо” чокусуна Литванын жарандары, 2 альпинист: 1975-жылы туулган Сайкаускас Салиюс жана 1982-жылы туулган Скрупскелс Кестутис түшүп келе жатышып, аскадан кулашкан. Ошондон бери издөө-куткаруу иштери улантылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билидрет.
2018-жылдын 17-февраль күнү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 6, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 куткаруучу тартылды.
1 альпинист Скрупскелс Кестутис жабыркап, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык Штабынан тартылган тик учактын жардамында 17-февраль күнү саат 12:10до Бишкек шаарына алынып келинген. Ал эми дайынсыз жоголгон альпинист Сайкаускас Салиюсту издөө үчүн 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 06:45те КР ӨКМнин куткаруучулары чыгып кетип, саат 16:30да Рацек альпинисттер үйүнө жетишип, түнөп калышкан. 18-февраль күнү саат 13:30да жансыз денесин табышып, “Свободная Корея” аскасынан Рацек альпинистер үйүнө саат 21:30да түшүшүп, ошол жерде түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февраль күнү түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.