Кыргызстанга сапатсыз калпакты сырттан алууга тыюу салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга берилди

Автор -
354
сүрөт: акипресс

Кыргызстанга сапатсыз ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушу КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байпакбаев менен Б.Субанбековго таандык. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда долбоор коомдук талкууга коюлду. Демек, ар бир жаран өз пикирин жазып, сунуштарын киргизе алат. Ал үчүн Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн сайтына кирип, талкууга катышса болот.

Калпактарды сатуу менен жеке ишканалар иштегендиктен, коңшу өлкөлөрдөн синтетикалык материалдан жасалган калпактар алынып келип жатканы маалым. Буга байланыштуу чет элдик коноктордун алдында кыргыздын накта улуттук баш кийиминин баркы түшүп, жатат.

Аталган токтом долбоорунун негизги максаты – кыргыз элинин улуттук маданияты үчүн намысын күчөтүү, улуттук дөөлөттөрдү насыйкаттоо жана өсүп келаткан муунга руханий тарбия берүү.

Жогоруда айтылгандардын негизинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байпакбаев менен Б.Субанбеков демилгелеген “Улуттук баш кийим — Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун өкмөт министрликтер менен ведомстволорго макулдашуу үчүн жөнөтөт.

Бөлүшүү