Төрт күн мурда кимдир бирөө Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүнө коюлган темир тосмону жылдырып, көчөнүн жарымын тосуп алгандыгы, шаар бийликтери эч бир аракет жасабай отургандыгы тууралуу шаар тургундарынын маалыматы жарыяланган. Бул боюнча шаар мэриясы билдирет.
Жалал-Абад шаарынын бийликтери бул боюнча дароо аракет жасашкан: түндөсү Ленин көчөсүндөгү темир тосмону жылдырган ишкер Абдурасул Орозалиевдин аракетине баа берүү үчүн компетенттүү комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү ишкердин аракетин өзүмбилемдик деп баалашып, тийиштүү акт түзүлгөн жана ал чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
«Азыр бул иш менен Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү алектенипп жатат, ал эми ишкерге темир тосмону кайра мурдагы ордуна жылдыруу, Ленин көчөсүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу сунушу берилди. Абдурасул Орозалиев мурда “Кыргызтелекомдун” Жалал-Абад областтык филиалын жетектеген, шаардагы көрүнүктүү ишкер эсептелет», – делет билдирүүдө.