Бишкек ТЭЦиндеги аварияга күнөөлүү бир катар кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотууну сунуштады

Автор -
310

Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астындагы Бишкек шаардык ЖЭБинде штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиясы бүгүн, 19-февралда, Бишкек шаардык ЖЭБинде 2018-жылдын 26-январында орун алган абалга тийиштиги бар бир катар жактарга карата чараларды кабыл алууну сунуштады. Бул туурлалуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Бишкек шаардык ЖЭБинде 2018-жылдын 26-январында орун алган абалга комментарий берүүдө белгилегендей, жетектөөчү жамаат жана жабдуулар штаттан тышкаркы абалга даярдалган эмес. Бишкек шаардык ЖЭБ кызматкерлернинин макулдашуусуз аракеттеринен улам жаңы блокту ишке киргизүү чечими создуктурулуп кабыл алынган, натыйжада, Бишкек тургундарына жылуулук жана ысык суу бир нече күн бою төмөндөтүлгөн температурада берилип турган.

«Штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептеринин бири катары Бишкек шаардык ЖЭБинин эски жабдуусун оңдоо иштеринин жетишсиз каржыланышы саналат, ал дээрлик калдык принциби боюнча жүзөгө ашырылган. Ошондуктан Бишкек шаардык ЖЭБ ишин турукташтырууда 2018-жылы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин каржылоону жогорулатуу маанилүү кадам болуп саналат. 2017-жылга салыштырмалуу каржылоо көлөмү 322,2 млн сомго жогорулатылып, 730,5 млн сомду түзмөкчү. Буга байланыштуу Бишкек шаардык ЖЭБде 2018-жылга деталдык иш планын аткаруу зарыл», – деди Аскарбек Шадиев.

Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Лев Васильев белгилегендей, аталган абал көбүнэсе Кыргыз Республикасында жылуулук жана энергия булактары үчүн тариф тутуму узак мөөнөттөн бери чечилбей келе жаткандыгына байланыштуу келип чыккан.

«Тарифтер экономикалык жактан негизделиши тийиш, бул туурасында энергетикалык тармактын акционердик коомдорунун уставдарында да айтылат. Учурда тарифтер социалдык жана техникалык бойдон калууда. Бир жолу тарифтердин тийиштүү деңгээлине чыгууга мүмкүн эмес. Тарифтерди жогорулатууда генерацияга багыттоо үчүн маселени баскыч-баскычы менен чечүү керек», – деп сунуштады эксперт.

Жыйын жүрүшүндө эксперттер тараптан өлкөнүн энергетикалык тармагында чечүүгө муктаж болгон бир катар көйгөйлөр бар экендиги белгиленди. Буга катар алар коомчулук ЖЭБ тегерегинде жаралган абал боюнча комиссия чечимин күтүп жаткандыгын белгиледи.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, Премьер-министрдин кароосуна төмөнкү чечим долбоору киргизилди:

Бишкек шаардык ЖЭБ боюнча:

-Буга чейин Бишкек шаарынын ЖЭБнин директору кызматынан бошотулган Оморкул уулу Нурлан менен катар Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жетектөөчү курамындагы сегиз кызматкерди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле дагы жети кызматкерге сөгүш жарыялоо сунушталууда.

«Электр станциялары» ААК боюнча:

Башкы директору Узак Кыдырбаевге жана ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматынын башчысы Сергей Абдулхаировго катуу сөгүш жарыялансын.

Техникалык директору Алмаз Жусупбековду, гидротехникалык кызматынын башчысы Кубанычбек Манкиевди, эскплуатация жана жылуулук-техникалык жабдууну ремонттоо кызматынын башчысы Урмат Мамбетов ээлеген кызматтарынан бошотулсун.

Белгилүү болгондой, буга чейин башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматынан бошотулган.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК боюнча:

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге жана анын орун басары Нурлан Садыковго катуу сөгүш жарыялансын.

Энергетикалык секторду тейлеген мамлекеттик органдар боюнча:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго жана анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыялансын.

Бөлүшүү