Жолдошбек Жунушев «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды

Автор -
321

Жолдошбек Жунушев «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалунуу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчини бүгүн жамаатка ӨЭЖМКнын төрагасы Уланбек Рыскулов жана анын орун басары Азис Сапаралиев тааныштырышты.

Рыскулов ишкананын жумушун жакшыртуу максатында кызматкерлердин астына бир нече тапшырмаларды койду, мисалы, тынымсыз элди көмүр менен камсыз кылуу жана 2018/2019 жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине сапатту даярдануу.

Жунушев Жолдошбек Маликович 1972-жылы төрөлгөн,

Эмгек жолун Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Мамлекеттик салык испекциясынын инспектордун ордунан баштаган.

Акыркы ээлеген кызматы — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Бөлүшүү