2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат алты миллион сомго көбүрөөк же 127 млн сомду түздү. Бул туралуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди.
Чогултулган каражаттын ичинен жайыт инфраструктуралары жакшыртылды: 2,5 миң километрден ашык жолдор, 235 көпүрөлөр оңдолгон.
У. Мырзакматовдун айтымында, жайыттар кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болуп саналгандыктан жайыт жерлерин пайдаланууда рационалдуу колдонуу ар бир Жайыт комитетинин башкы максатына айланыш керек. “Бир гана Жайыт комитеттери эмес ар бир жайыт пайдалануучу жайытка аяр мамиле кылуу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот”, — деп белгилейт департаменттин башчысы.