Кемин районунун тургуну Кызыл китепке киргизилген сүлөөсүндүн баласын таап алды

Автор -
245

Мамэкотехинспекциянын экологдоруна Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Кемин суусунун боюнан Кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн баласын таап алгандыгы тууралуу кабарлаган. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору айтылган дареке барып, текшерүүгө алганда болжол менен 10 айлык сүлөөсүндүн баласы экендиги аныкталган.

«Кармалган жаныбарды Инспекторлор текшерүүгө алганда оң көзү жабыркагандыгы аныкталды. Адистердин айтымында жаныбар буга чейин  айыл тургундары тарабынан колго багылып журушу мүмкүн. Учурда Мамэкотехинпекциянын экологдору тарабынан тийиштүү актылар толтурулуп, Мамлекет тарабынан коргоого алынган жаныбардын баласын «Бугу эне» Коомдук фондуна өткөрүлүп берилди», – делет билдирүүдө.