Сооронбай Жээнбеков: Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо максатында козголуп жаткандыгын такстыктаган фактылар бар

Автор -
272

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мамлекет башчысы Каржы полициясына экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча милдеттер жүктөлгөнүн, бирок алардын ишмердүүлүгүн талдоо көрсөткөндөй, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги да, айрым катардагы кызматкерлер дагы жетишсиз чараларды көрүп жатканын белгиледи.

«Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо, алардан акча доолап алуу максаты менен козголуп жатканы боюнча фактылар бар. Жарандардын жана таза иштеген ишкерлердин силердин кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине болгон арыздары токтобой келет. Ошондой эле чакан жана орто ишкерликтин таза иштебеген өкүлдөрүнүн иштерин жаап-жашыруу фактылары дагы бар», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Каржы полициясынын контрафакт спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу, жашырынып иштеген кумар оюндар жайларын аныктоо, аймактарда күйүүчү майларды аткезчилик жолу менен ташуу фактыларын алдын алуу боюнча жетишсиз жумушун белгилеп, бул багыттагы ишти күчөтүүнү талап кылды.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Каржы полициясынын негизги ишмердүүлүгүн экономикалык, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды иликтеп, алдын алуу, экономикалык жана мамлекеттик тармактагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иштерге буруу зарыл экендигин белгиледи.

Бөлүшүү