Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргыз Республикасы достук салттарына, маданий жана руханий жалпылыкка негизденген кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө зор маани берет. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», – деп белгилейт Кыргызстан президенти өзүнүн куттуктоо телеграммасында.