Базар-Коргондо мыйзамсыз кармалган үкү табылып, жараталышка кое берилди. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.
Адистер текшерүү учурунда, белгисиз жарандар үкүнүнүн мыкый аттуу түрүн кармап жүргөнү аныкталган.
«Үкүнүн буттарын зым менен ороп, кордолуп жүргөнү тастыкталган. Жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп, үкүнүн ден соолуугу жакшыргандан соң, адистер боштондукка кое берди. Кошумчалай кетсек, үкүнү үй шартында кармоого, багуу тыюу салынат. Өз кезегинде админстративдик айыптан сыркары, үкүнүн кызыл китепке кирген түрлөрүнө кыянаттык кылгандарга кылмыш жоопкерчилиги да каралган», – делет билдирүүдө.