Чүйдө эки адам сууга чөгүп каза болду

Автор -
246

2018-жылдын 1-март күнү саат 10:45 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы №1 көлмөгө 2 аял (1973-жылы туулган Г.Б. жана 1973-жылы туулган К. А.) сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 11:00дө кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук  өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, саат 12:15те КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул тартылган.

2018-жылдын 1-март күнү саат 13:23тө куткаруучулар жана суучулдар тарабынан сууга чөккөн аялдардын жансыз денелери суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүү