Өкмөт үйүндө «Таза жашоо» улуттук кампаниясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны болду. Уюштуруу комитетинин курамына өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарлары кирген.
Тийиштүү буйрукка премьер-министри Сапар Исаков кол койду, ага ылайык 2018-жылдын 1-мартынан 31 мартына чейин шаарларды жана республиканын калктуу пунктарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүлмөкчү.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов өлкөнүн бүтүндөй региондорундагы социалдык инфраструктураны, шаардагы жана айылдагы объектилердеги санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана аймактарын көрктөндүрүү үчүн үч айдын ичинде өкмөт тарабынан мамлекеттик жана коомдук мекемелердин ресурстары мобилизацияланат деп белгиледи.
Анын айтымында, өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары үчүн тазалоого тийиштүү территориялардын картасы иштелип чыгат. Ал ошондой эле, бардык питомниктер тийиштүү көлөмдөгү көчөттөрдү берүүгө даяр экенин белгиледи.
Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиеванын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн жаштарды, коомчулукту жана бизнес өкүлдөрүн мобилизациялоодо жана экологиялык масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө чоң тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдар, фонддор чакырылат деп маалымдады.
«Акция туруктуу болушу кажет. Мында коомчулуктун колдоосу керектелет. Биз өсүп келе жаткан муунду экологиялык маданиятка үйрөтүшүбүз жана алардын өз айылы, шаары жана өлкөсү үчүн жоопккерчилигин калыптандырышыбыз керек. Алдыбызда бир учурда көптөгөн адамдардын катышуусундагы ири иш-чараларды ырааттуу уюштуруу милдети турат. Ошол себептен, бизге волонтерлорду окутуучу коомдук уюмдар жардам берет», — деди Гүлнура Торалиева.
Ал кошумчалагандай, акция ыктыярдуу мүнөзгө ээ, мында туруктуу талаптарга: таштандыны бөлүп чогултуу маданиятына, жаратылыш кучагында эс алууда табийгатка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого басым жасалат. Акция алкагында экологияга жоопкер мамилени жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамды даярдоо үстүндө иш жүргүзүлөт.
Белгилүү болгондой «Таза жашоо» долбоорунун алкагында мобилдик тиркеме иштелип чыгат, анда ар бир адам тазалоо, жашылдандыруу өткөрүлгөн аймакты белгилей алат. Бул картанын жардамы менен аймактагы иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп турууга болот.