Сапар Исаков Маалымат технологиялар комитетинин төрагасын кызматтан бошотууну сунуштады

Автор -

Премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу жана аны өкмөтүнүн мүчөсү катары отставкасы туурасында сунуштоосун жиберди.

Эске салсак, өкмөт аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин буйругу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаковго көрсөтүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгы менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Буга чейин комитеттин Лицензия берүү комиссиясы Нурбек Абаскановго таандык компанияга лицензия берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү