Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик туусунун авторлору менен жолугушту

Автор -
210

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугушту. Бул тууралуу президеденнти басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы авторлорду Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, ал 1992-жылы «легендарлуу парламентте» бекитилгенин белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлору катары түбөлүккө тарыхта каласыздар, мамлекеттин тарыхына кошкон салымыңар эч качан унутулбайт. Мамлекет жана анын жарандары ар дайым сиздер менен сыймыктанат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Туунун авторлору Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков жана Ж. Матаев мамлекет башчысын жылуу кабыл алып, көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик туунун авторлоруна президентинин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.

Бөлүшүү