Алай кашемири АКШда чоң суроо-талапка ээ. Уилл Смиттин пальтосу Алай кашемиринен

Автор -
230

Төрт жылдан бери Ош облусунун Алай районунда жергиликтүү тургандар чыныгы кашемир бере турган текелерди багууну өнүктүрүшүүдө. Бул тууралуу КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди, деп жазат «Кабар».

Анын айтымында, Кыргызстан жылына болжол менен 200 тонна жүн даярдайт. Тилекке каршы, алардын бардыгы эле кийинки кайра иштетүүгө жана кашемир кездемелерин даярдап чыгарууга жарамдуу эмес. Кашемир текелеринин тукумун көбөйтүү, жергиликтүү тургандардын билими, аларды көбөйтүүдөгү пайда тууралуу элдин арасында маалымат жайылтуу боюнча кыйынчылыктар бар.

«Салтуу лидерлер болуп Монголия, Индия, Кытай эсептелет. Биздин өндүүрүчүлөрдү өздөрүнүн аймагында лидерликти калыптандыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул деген өлкөнүн жогорку имиджи», – деп түшүндүрдү Дегенбаев.

КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы билдиргендей, Алайдын жаратылышы жана климаты өз ишин кылып жатат.

«Биздин Алайдан чыккан кашемирлер чет жакта чоң суроо-талапка ээ. Анын тазалыгы, жумшактыгы жана жүндүн жукалыгы – бул эл аралык сатып алуучулар арасында бааланган эң башкы сапаттар. Бардык жетишкендиктерге карабастан, биздин дыйкандардын жана койчулдардын ийгилиги али алдыда. Көп иштер бар, аймактын мүмкүнчүлүктөрү зор, аны туура колдонсо алынган жүндүн көлөмү миңдеген, жада калса миллиондогон килограммга чейин жетиши мүмкүн. Бул деген миллион жана миллардаган сом инвестиция, миңдеген жумушчу орундар», – деп маалымдады ал.

Дегенбаев билдиргендей, АКШдагы өндүрүүчүлөр Алайдан келген кашемирдин сапаты эң жогорку экендигин мурда эле түшүнүшкөн.

«Суроо-талап абдан чоң. Америкалык белгилүү эркектердин пальтосун даярдаган бренд актер Уилл Смитке Алай кашемиринен пальто даярдап бергенин билебиз», – деп билдирди Дегенбаев.

Бөлүшүү