Самаргүл Адамкулова Кыргызтандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Адамкулова Самарагүл Эркиновна Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Адамкулова Самаргюл Эркиновна Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Бангладеш Эл Республикасындагы жана Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматынан бошотулду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү