Ошто төрөлгөн үч эмдин экөө чарчап калды

Автор -
314

8-март күнү Оштогу облус аралык төрөт үйүндө туулган үч эмдин экөө 3-4 сутка жашагандан кийин чарчап калышкан. Оштогу облус аралык клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Козубаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ымыркайлар энесинин курсагында 29 жума болгон кезде, ай-күнүнө жетпей төрөлүшкөн. Алар туулганда эле абалы оор деп бааланган, айы-күнүнө жетпегендиктен, дем алуу органдары жетиштүү өөрчүй элек болчу.

Балдар төрөлөрү менен жасалма дем алдырууга кошулган. Ошентсе да ымыркайлардын экөө: эркек бала 4 сутка 4 саат жашап, 12-мартка оогон түнү чарчап калган, кыз 3 сутка 2 сааттык жашоосунан кийин 11-мартта түн ичинде каза болгон. Үчүнчү наристе — эркек бала азыр төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө, абалы өтө оор деп бааланууда. Дарыгердин айтымында, ымыркайлардын энеси кош бойлуу кезинде аз кандуулук менен жабыркаган.

Бөлүшүү