Ош шаардык кенешинин депутаттары мэрдин жылдык баяндамасын канааттандырарлык деп тапты

Автор -
472

Бүгүн, 13-март күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүүдө. Ага мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомдук активисттер катышууда.

Сессиянын күн тартибине 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча мэрдин баяндамасы каралды.

Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жылдык баяндаманы канааттандырарлык деп табышты.

Күндүн экинчи жарымында сессия уланып анда калган 10 маселе каралат.