Бишкек – Ош жолу кардан тазаланууда

Автор -
645

Бишкек-Ош унаа жолу жабык. 246-чакырымына түшкөн кар көчкүнү тазалоого жалпы 11 техника тартылып, иш алып барууда. Азыркы учурда болжол менен 90 000м3 кар тазаланды.

Азыркы учурда «Сосновка» постунда 140 оор жүк ташуучу, 6 жеңил унаа, Арал постунда 24 оор жүк ташуучу, 89 жеңил унаа, Талас районунун Талды-Булак айылында 9 оор жүк ташуучу, 15 жеңил унаа, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында (Өтмөк ашуусуна бурулган жер) 110 оор жүк ташуучу унаа турат.