Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелди Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграмма жөнөттү, деп билдирет прездинеттин басма сөз кыматы.

«Сиздин Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын дос элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм», – деп белгиленет Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.