Эртең, 17-мартта Аксы окуясына жана 2010-жылдагы тынчтык курултайынына арналган жарандык жыйын өтөт.
Ага Аксы окуясынын курмандыктарынын туугандары, 2005 жана 2010-жылдардагы революциялардын катышуучулары келет. Жыйынды «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмеси уюштурууда.
Чогулушта эки революциянын ардагерлери, Кыргызстандагы саясий процесстердин өнүгүүсү боюнча өз ойлорун билдирип, президенти, премьер-министри жана Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон талаптарын коюшат. Иш-чара саат 11:00дө башталат. Ал эми катышуучулардын чогулушу саат 9:00дө башталат. Иш-чара өтө турган дарек: Бишкек, Шабдан баатыр көчөсү, 4б, «Медиа-Форумдун» имаратынын жанында.