ӨКМ кызматкерлери Жумгал районунда 10-январдан бери дайынсыз жоголгон адамды издөөдө

Автор -
319

10-январь күнү Жумгал районунун Көк-Ой айылынын тургуну 1985-жылы туулган Н.К. аттуу жаран дайынсыз жоголгон, деп билдирет ӨКМ.

Ушул күнгө чейин туугандары өздөрү издөө иштерин жүргүзүп келген. Натыйжа болбогондуктан 15-март күнү КР ӨКМнин райондук бөлүмүнө бир тууган агасы кайрылган. КР ӨКМнин №43 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан Жумгал суусунда издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. 16-март күнү издөө иштери улантылат.