Мухаммедкалый Абылгазиев президент аппаратынын жетекчилигине дайындалды

Автор -
263

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президент аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.

Өмүр баяны

1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.

1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:

1994-1995-жж. — «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

1995-1997-жж.  — «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;

1997-1998 –жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча  мамлекеттик фонддун эксперти;

1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке  жайгаштыруу башкармалыгынын  начальниги;

1999-2003-жж.  — Бишкек шаардык калкты ишке  жайгаштыруу департаментинин директору;

2003-2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги, Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;

2009-2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

2010-2016 жж. — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

2016-2017 жж. — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;

08.2017-09.2017-ж. — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;

2017-жылдын 12-сентябрынан — Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

2018-жылдын 16-мартынан — Кыргыз Республикасынын президент аппаратынын жетекчиси.

Бөлүшүү