Сапар Исаков: Аксы окуясы мамлекетибиздин тарыхында өзгөчө орунда турат

Автор -
632

«Аксы окуясы мамлекетибиздин тарыхында өзгөчө орунда турат», — деп билдирди бүгүн, 17-мартта, премьер-министр Сапар Исаков Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында орун алган Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2002-жылы дал ушул жерде авторитардык бийликтин карапайым калкка ок жаадырган еайгылуу окуясы болуп өткөн эле.

«Бүгүн баарыбыз ошол күнү мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыгып, курман болгон эр-азаматтарыбызды эскерип отурабыз. Биз эскерип жаткан балдар сырткы душмандардына колунан эмес, бийликтин колунан каза табышкан. Өзүбүздүн бийликтин өз элина каршы чыккандыгы баарыбызды катуу өкүндүрөт. Өз кызыкчылыгы үчүн чыкан ал кезектеги бийлик өзүнүн чыныгы кара ниет жүзүн ушул жерден көрсөткөн», – деди Сапар Исаков жана мындай бийликтин көпкө созулбай тургандыгы айдан ачык экендигин кошумчалады.

Премьер-министр элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөстүгүн, эл бийликтин булагы экендигин баса белгиледи.

«Аксы окуяларынын мамлекеттик мааниси тарыхыбызда өзгөчө орунда турат. Соңку жылдары Кыргызстанда, турмуш оңолуп бара жатат. Мектептер, бала-бакчалар, электр-чубалгылары жана башка инфраструктуралар салынып жатат. Мындан ары биз муну менен чектелбейбиз», – деп эсептейт Сапар Исаков.

Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иретинде куран түшүрүлдү.

Өкмөт башчы Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кербен шаарындагы Үй бүлөлүк медицина борборунун клиникалык-биохимиялык лабораториясынын иши менен таанышып чыкты.

Аны көрүп чыгуу учурунда Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга клиникалык-биохимиялык лабораторияны капиталдык реконструкциялоо жана жаңы медициналык жабдууларды алуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Бөлүшүү